Нарын. Темир Сариев: "Кумтөрдү" иштеткен компания келишимдин эмес, мыйзамдын негизинде салык төлөшү керек"

“Кумтөр” Кыргызстанга салыктарды төлөөнүн негизинде пайда алып келиши керек. Бул туурасында аталган кенге байланышкан маселени иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев бүгүн Нарын эли менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтуусу боюнча, “Камеко” компаниясы түзүлгөн келишимдин негизинде эмес, мыйзамдын негизинде салык төлөөсү шарт. Атайын түзүлгөн комиссия мына ушул маселелердин үстүндө иш алып барып, көптөгөн мыйзамга туура келбеген көрүнүштөрдү аныктап чыккан. Мисалга алсак, СССР учурунда Кумтөрдөгү өндүрүлө турган алтын 716 тонна болгон. Канада менен түзүлгөн келишимде ката эсеп боюнча алтындын запасы 101 тоннаны түзөт деп белгиленген. Мындан сырткары өндүрүлгөн алтындын 66 пайызы Кыргызстандын казынасына, ал эми 33 пайызы “Камеко” компаниясына түшөт деп айтылган. Бирок бир нече негиздерге таяп, компания, тескерисинче, 67 пайызды өз казынасына салып турат. 1997-жылдан тартып 2011-жылга чейинки түшкөн жалпы киреше 4 миллиард 867 миллион долларды түзүп, жалпы 260 тонна 725 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ал эми Кыргызстанга 1997-жылдан бери 1 миллиард 21 миллион доллар салык төлөгөн. Түзүлгөн келишимде өндүрүлгөн кирешенин үчтөн бир бөлүгү Кыргызстанга бөлүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан