ЖАҢЫ ЖЫЛ ТҮНҮНДӨГҮ КАРГАША
2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 1-январына караган түнү Чүй облусунун Москва районундагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталды. Анда белгисиз адамдар үйгө кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон тургун оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон.
Эки аялды атып өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылган кылмышкерлер үйдөн 100 миң сом жана алтын, күмүштөрдү уурдап кетишкен.
Алар үйдөн 100 миң сом өлчөмүндөгү акча алып, андан сырткары 93 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен. Шектүү деп кармалган жарандардын аты-жөнү такталып, алар Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. экени белгилүү болду.
2-январда октон каза болгон эки аял жерге берилди. Ошол күнү үй ээсинин балдары Жаңы жылды майрамдап досторунун үйүнө кетишкен болот. Түнкү саат 4тө үйдүн дарбазасы такылдаганда келин балдарым келди го деп ачат. Эшиктин алдынан бет капчан кылмышкерлерди көргөн келин үйдү көздөй качканда башка атышкан. Андан кийин келиндин апасын да башка атып өлтүрүшкөн. Белгисиз 3 адам үйгө кирип, үй ээсин коркутуп 2 айлык небересинин башына мылтык такап, акча бер же болбосо атам дейт. Ал коркконунан үйдө болгон акчасын берген. Анан ал кылмышкерлердин бирин таанып калгандыктан аны да атышкан. Ок моюнуна тийип, бирок ал аман калган. Кийин эсине келип милицияны өзү чакырган. Наристеге тийишкен эмес. Үй-бүлө чочко багып сатышчу.
Уурулукка жана адам өлүмдөрүнө шектелип кармалгандарга сот 17-августта өкүм чыгарды.
Берилген маалыматка ылайык, Москва райондук соту айыпталуучулардын ичинен экөөнү өмүр бою эркинен ажыратса, калгандары 25, 17 жана 16 жылга камакка алынып, алардын ичинен бирөө кылмышты жашырганы үчүн 2 жылга шарттуу кесилди. Алар күчөтүлгөн тартипте жазаларын абакта өтөп жатышат. Соттолгондордун ичинен 23 жаштагысы таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону экени белгилүү болгон.
КОШУНАСЫН ЗОРДУКТАП, АНДАН КИЙИН ӨЛТҮРҮП КОЙГОН ЖАРАН: "БАЙКАБАЙ СОЮП АЛДЫМ"
28-февралда саат 21:00 чамасында милицияга адам өлтүрүү тууралуу маалымат келген. Ал жерге мобилдик батальондун кызматкерлери барып, 60-65 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Кийин кылмышка шектүү катары маркумдун коңшусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ага карата 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
SUPER.KG порталынын кабарчылары окуя болгон жерге барып, маркумдун кызына жолугуп кайтышкан.
Коңшусу зордуктап, кийин мууздап салган аялдын кызы шектүү мурда жакшы адам болгонун, мындай кылмышка барат деп ойлобогондугун айтат.
Анын айтуусуна караганда, апасынын жансыз денесин алгач сиңдиси менен күйөө баласы көргөн.
“Ошол күнү кечке маал апама телефон чалсам албай койду. Кийин сиңдиме телефон чалып, мен жумуштан кеч чыгып калат экенмин, апамдан кабар алып койчу дегем. Сиңдим күйөөсү менен үйгө барса эшиктер ачык, апам жок экен. Ал сарсанаа болуп издей баштайт. Сиңдим кошунаныкына чейин издеп барып, үйүнө кирсе эле апамдын жансыз денеси жатыптыр. Ал адам апам менен 5-10 жылдан бери кошуна катары жакшы мамиледе болуп келген. Бирок мындай ишке барат деп ойлогон эмеспиз. Ал милицияларга сурак берип жатып "байкабай союп алдым" деп айтыптыр. Апам байкушту мууздап салгыдай эмне күнөөсү бар эле?!” - деген кызы. Маркумдун 4 баласы болгон, анын жолдошу мындан 20 жыл мурун чагылган тийип каза болгон.
ТҮН ИЧИНДЕ ТӨРӨП, НАРИСТЕСИН БАШТЫККА САЛЫП ДИВАНДЫН АЛДЫНА КАТЫП КОЙГОН
2018-жылдын 18-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгон келин кармалган. 32 жаштагы келин бул ишке эмне себептен барганын айтып, тергөө абагына 1 айга киргизилген.
32 жаштагы София Д.ны (аты-жөнү өзгөртүлдү) 2018-жылдын 27-февраль күнү Аламүдүн райондук соту 3 жылга жатак абакка кескен. Анын туруктуу жашаган жери жок болгон. Кылмыш жасалган учурда ал Восток айылындагы дыйканчылык жана мал чарбачылыгы жүргүзүлгөн сарайлардын биринде жалданып иштеп жүргөн. Райондук соттун чечимине карата соттолуучу тарабынан же башка анын туугандары тарабынан макул эместигин билдирген арыз менен эч ким кайрылган эмес.
Окуянын чоо-жайы:
Кемин районунда туулган София Д. кийинчерээк Токмок шаарына үй-бүлөсү менен көчүп барган. Ата-энеси ажырашып, алар каза болуп калгандан кийин Софиянын бир туугандары да өз турмушу менен өз алдынча кетишкен. Турмуштун ар кандай кырдаалдарынан улам София 18 жашында турмушка чыгып, 3 балалуу болгон. Жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ажырашып кетишкен. 3 баласынын улуусун кайненеси, ортончусун өзүнүн агасы, ал эми эң кичүүсүн өзү багып жүргөн. Жогорудагы окуя катталган күндүн эртеси SUPER.KG порталынын кабарчылары Софияга төрөтканада жатканда барып жолугушкан. Анда ошол күн тууралуу келин буларды айткан:
"Восток айылындагы фермалардын биринде иштеп жүргөм. Күндүз адаттагыдай эле ишимди аткардым. Үйгө келип уулум экөөбүз тамактандык. Түнкү саат 12лерде ичим ооруп баштады. Мен иштеген жерде кечкисин иттерди бошотуп жиберишет. Ал иттерден корком, ошондуктан сыртка чыга алган жокмун. Толгоо ушунчалык катуу болду, баламды ойготуп албаш үчүн эрдимди кесе тиштеп жатып төрөдүм. Калганы туман. Толгоонун оорутканын, жер кан болгонун, баланын кыймылдабаганын бир билем. Кантип ороп, баштыкка салганымды деле билбейм. Эсиме келгенде карасам, бала баштыкта экен. Орогуч кан болчу, ошондуктан баштыкка салган окшойм. Дем алдыбы же жокпу билбейм. Бирок ыйлаган да, кыймылдаган да эмес.
Төрөтүм жакындап калганын билип эле жаткам. Жумуштан суранып туугандарыбызга барып уулумду таштайын деп ойлогом. Кечинде чогулушта бир нече күнгө суранып, айлыгымды алып кетейин деп жаткам. Кадимкидей эле ооруканага барып төрөп, баладан баш тартайын деп ойлонуп жүргөм. Бул бала мага кереги жок болгон соң башка бирөөгө керек болмок беле... Ымыркайды баштыкка салып катып койгонумдун себеби улуу балам диванда уктап жаткан. Ал көрүп калса коркпосун дедим.
Мындай болуп кетерин билген эмесмин, каалаган да эмесмин. Мен кылмышкермин, ошондуктан эч жакка качпайм".
Келин тумчуктуруп өлтүрүлгөн ымыркайдын атасы менен социалдык тармактардын биринен таанышкан. Экөө жолугуп жүрүп, бирок чогуу болушкан эмес. Софиянын айтымында, уулу "мага атанын кереги жок" деп койгон.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына София Д. өлкөнүн кайсы облусундагы абакта жазасын өтөп жаткандыгы боюнча кайрылганбыз. Аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кылмышкердин Чүй облусундагы жатак абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгын билдирген.
"Аталган жаран Чүй облусундагы жатак абактардын бирине ушул жылдын июль айынын ортосунда келген. Эгерде бул аялдын туруктуу жашаган жери, иштеген жумушу болгондо тийиштүү дарегин каттоого алып, жумушуна жибермекпиз. Анын жашаганга жери жок болгондуктан, абактын жатаканасында күн кечирүүдө", - деп билдирген Сабатарова.
БАЗАР-КОРГОНДОГУ КОШУНАСЫНЫН ҮЙҮНӨ АРАЧЫГА БАРЫП АЖАЛ ТАПКАН МАРКУМ
Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам 1 адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү. Окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалда кирип келген 1984-жылы туулган Б.Т. мурдагы аялы 1993-жылы туулган Ж.кызы.Г.ны жана анын ата-энесин, 6 жашар инисин бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер из жашырып качып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон үйгө коңшу жашаган 1983-жылы туулган Б.Т. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканага жеткирилген.
Кылмышка шектүү катары 22-февралда кармалган адам буга чейин бир нече жолу соттолгон. Бычактан жаракат алгандар 6 жаштагы М.М. (эркек бала), 40 жаштагы К.К. (эркек киши), 44 жаштагы М.У. (аял), 25 жаштагы Ж.кызы.Г. жана 58 жаштагы Ч.Б. (эркек киши) аттуу Кызыл-Ай айылынын тургундары болгон.
Кандуу окуядан оор жаракат алган жабырлануучу Ж.Г. шектүү менен 2015-жылдан бери таарынышып жүргөн.
Ал эми Кызыл-Ай айылынын тургундары кылмышка шектүү окуя болгон үйгө буга чейин да келип жүргөнүн көрүшкөн. Алардын айтуусунда жаракат алгандардын бири 6 жаштагы М.М. келиндин иниси. Кырсык болгондо ал уктап жаткан, кылмышкер ага бычак сайып, кийин жуурканга ороп таштап койгон. Коркконунан жана кан жоготуп алсырап үн чыгарбай жаткан баланы окуядан жабыр тарткандардын баарын унаага салып кетишкенден кийин гана кокусунан көрүп калышкан.
6 адамды бычактаган адамга карата Базар-Коргон райондук соту өкүмдү 28-июлда чыгарган. Анда айыпталуучу Б.М. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн абакта өтөй турган болгон. Соттолуучунун жактоочусу чыккан өкүмгө макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, бул иш облустук сотто каралууда.
КЕЛИНДИ ӨЛТҮРҮП, ЭЭН ТАЛААДА ТАШКА КӨМҮП КОЙГОН
Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринде 24-март күнү болжол менен 25-30 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылган. Кыздын аты-жөнү дароо тактала койгон жок. Анын бою 165-168 сантиметр, чачынын узундугу 20-25 сантиметр. Кыз сумканын боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн. 2 буту таңылып, чаар сумкага салынган дене Ак-Ордо конушундагы үй курула элек жер тилкесинде таш менен көмүлүп турган жеринен табылган. Кыздын каза болгонуна көп болушу мүмкүн, анткени денеси чирий баштаган.
Кийинчерээк киши колдуу каза болгон маркум 26 жаштагы Н.А. экендиги аныкталган. Ал Талас облусунда туулган. Ыкчам иликтөө тобу тарабынан маркумдун туугандары, тааныштары изделип, текшерүүгө алынып, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары жаңы конуштардын биринин тургуну 25 жаштагы Т.Б. кармалган. Маалыматтарга караганда, окуя өткөн жылдын декабрь айынын башында болгон. Маркум менен кылмышка шектүүнүн ортосунда уруш чыгып, окуя кыздын өлүмү менен аяктаган. Кылмышка шектүү сөөктү жашыруу үчүн Сокулук районундагы үй салына элек жер тилкесине алып барып таш менен көмүп салган.
Ошондой эле маалыматта шектүү менен маркум кыздын ортосунда жакын мамиле болгондугу айтылат. Шектүү такси кызматын көрсөтүп иштеп жүргөн, ал эми маркумдун 5 жашар уулу бар. Туугандары аны көптөн бери издеп жүрүшкөн.
АЛА КАЧУУНУН КУРМАНДЫГЫ. АДАМ УКУГУ КОРГОЛО ТУРГАН ЖАЙДАН ӨЛҮГҮ ЧЫККАН БУРУЛАЙ
Өтүп бара жаткан жылдагы эң аянычтуу өлүм бул милиция бөлүмүндө бычакталып көз жумган Бурулай Турдали кызынын өлүмү болду. Ал ала качуунун курмандыгына айланды.
Ушул жылдын 27-майында 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын Марсбек Бөдөшев аттуу жаран ала качып кеткен. Кызды салып бараткан унаа Сосновка айылындагы посттон кармалып, унаанын ичиндеги Марсбек Бөдөшов, Акмат Сейит уулу жана Бурулай Турдали кызы Жайыл РИИБине жеткирилген. Дал ошол Жайыл РИИБинен Бурулайга 3 жолу, Марсбекке 4 жолу бычак сайылып, алар "Тез жардам" унаасы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракаттарынан улам каза болуп, жигит Бурулайдын өлүмүнө шектелип камакка алынган. Андан кийин ал ооруканадан чыгарылып, абакка которулган.
Соттук процесс 2 айга уланып, өкүм 11-декабрда чыкты. Анда Свердлов райондук соту соттолуучу Марс Бөдөшовду Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен 7 жыл, 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча 18 жылга эркинен ажыратып, 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга кесилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү айтылган.
Айыпталуучу тарап райондук соттун чыгарган чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылган.
Ал эми Жайыл РИИБинин "шалаакылык" беренеси менен айыпталып жаткан 5 кызматкери, тактап айтканда, тергөөчү, конвой, нөөмөт бөлүмүнүн жана 2 жол кыймылынын кызматкерлеринин иши учурда Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. Маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин күнөөсү жок экендигин айтып, аларга карата тосмо арыз жазып берген. Сот арызды ишке тиркеп, соттук отурумдун аягында чечим чыгара турганын айткан.
Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча жагдайлар, тергөө иштери жана башка маалыматтарды бул шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.
БИР КӨҢҮЛДӨШҮН ЭЭРЧИТИП АЛЫП ЭКИНЧИ КӨҢҮЛДӨШҮН ӨЛТҮРТКӨН УКМУШТУУ АЯЛ
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда аял жана эркек айылдашын өлтүрүп, андан соң сарайга алып барып өрттөп жиберишкен. Маалым болгондой, окуя 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагынын Ак-Терек (Каба) айылында катталаган.
Аталган айылдын 62 жаштагы тургуну Мамарасул А. айылдашынын үйүн карап, ошол жерде жашап келген. Дал ушул үйдүн чөп жыйган сарайынан өрт чыгып, Мамарасул А. сарай менен кошо күйүп каза болду деген маалымат Базар-Коргон РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу өлүмдүн жана өрттүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындап, текшерүү иштери башталган. Ал эми маркумдун уулу жана жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин, анын кырсыктан каза болгонун билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан.
Базар-Коргон РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери бул жөн гана өрт кырсыгы эмес, атайын өрт коюу болушу мүмкүн деген божомолдо иликтөө жүргүзө баштаган. Мындан улам окуянын келип чыгуу себептери аныкталып, эки күн ичинде кылмышка шектүү катары аталган айылдын эки тургуну Калбатыр аттуу эркек киши жана Мунира аттуу жалгыз бой аял кармалган.
"Алгачкы көрсөтмөгө таянсак, шектүүлөр Калбатыр жана Мунира көңүлдөш мамиледе болушкан. Ошондой эле шектүү аял каза болгон Мамарасул А. менен да жакын ымалада болгон. Шектүү Мунира каза болгон адамдын 950 миң сом акчасы бар экенин билип, акчасын алуу максатында анын көзүн тазалоону ойлогон. Бул ишке ал көңүлдөшү Калбатырды көндүрүп, экөө биргелешип ээн талаада маркумдун колу бутун байлап, оозун таңып, бийиктиги 4 метр болгон тик кырдан түртүп жиберишкен. Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Андан соң маркумдун жансыз денесин өзү жашап келген үйдүн сарайына алып барып таштап, үйүнө кирип көздөгөн 950 миң сомду издеп башташкан. Жыйынтыгында болгону 750 сом гана табышкан. Кайра келип сарайда жашырылган маркумду жыйылган чөбү менен кошо бензин чачып өрттөп салышкан", - дейт милиция.
Кылар ишти кылып коюп, эки шектүү кылмыш ишин жасоону бири-бирине шылташат. Аял "бул кылмышты жасоого көңүлдөшүм мажбурлаган" десе, шектүүлөрдүн бири Калбатыр "Мунира Мамарасулду телефон чалып чакырып, колу-бутун таңып, анан мени жашынтып койгон жеримен чакырып келип, аны кырдан ылдый түртүп жибер деп буюрган" дейт.
Катталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН АТАЛАШ ТУУГАНЫНЫН КОЛУНАН ӨЛҮМ ТАПКАН СТУДЕНТ КЫЗ
Бишкектеги үйлөрдүн биринен жансыз абалда табылган 17 жаштагы кызды тууганы зордуктоого аракеттенген, кийин аны тумчуктуруп өлтүргөн. Бул тууралуу маалымат 16-октябрда өлкөгө желдей тарады.
Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрда Бишкектеги Жеңиш жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда тууганынын үйүндө жашап жаткан 17 жаштагы студент кыздын жансыз денеси эртең менен уктоочу бөлмөдөн табылган. Кыздын туугандары "Тез жардам" кызматын чакырышкан, алар менен бирге милиция кызматкерлери да келип, кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн жана денесинде көк ала тактар бар экенин аныкташкан.
Иликтөө иштеринин алкагында кыздын туугандары суракка алынган. Кийин кылмышка шектүү катары анын 19 жаштагы аталаш 2 тууганы кармалган. Алардын бири кызды зордуктоого аракет кылганын, кыз каршылык көрсөткөндө аны муунтуп өлтүрүп салганын билдирген.
Бишкек ШИИББи 16-октябрда бул кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.у.Д. аттуу шаар тургуну кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү катары кармалган шаар тургунунун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-октябрда каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыккан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Каза болгон кыз 2001-жылы туулган Э.Б. экени аныкталган. Медициналык кароодон анын денесинен көк ала тактар табылып, ал киши колдуу көз жумганы белгилүү болгон.
КАРЫЗ ДООЛАП БАРЫП, АКЧАСЫ ТИЙБЕГЕНДЕ ТААНЫШЫН ӨЛГҮЧӨ САБАП, БАСА БЕРГЕН
27-октябрда Ысык-Көлдө киши колдуу каза болуп, жансыз денеси арыктан табылган адамдын өлүмүнө шектүү кармалды. Белгилүү болгондой, буга чейин маркумдун өлүмүнө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ага издөө салынган болчу.
Белгилүү болгондой, 27-октябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында арыктын ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Райондук милициянын тергөө тобу каза болгон адам мыкаачылык менен сабалгандыктан таанылбай калгандыгын кабарлаган. Аны сабаган союл жансыз дененин жанынан табылган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Каракол шаарынын 32 жаштагы Бактияр А. аттуу тургуну экени аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы кичи райондордун биринде жарандык никеде жашаган аялы менен бирге соода-сатык кылуучу күркө иштетип келген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Андан соң шектүүнүн аты-жөнү такталганы кабарланган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда мал уурулук менен соттолгон, 32 жаштагы Эрмек Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон.
Издөө иштеринин алкагында шектүү ноябрь айында Бишкек шаарынан кармалды. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүндө ал 26-октябрь күнү өзүнүн унаасын айдап маркум Бактияр А.нын үйүнө Каракол шаарына келген. Экөөнүн ортосунда аласа-бересе болгон. Каражат тууралуу сөз оңунан чыкпаганда ал Бактиярды унаасы менен Жон-Булак айылына алып барып өлгүчө сабап, арыктын ичине таштап баса берген. Мындан соң ал кайра Каракол шаарына кайтып келип, 25 жаштагы Руслан С. аттуу таанышына жолугуп, экөө маркумдун Ниссан-Сефиро үлгүсүндөгү унаасын айдап качышкан. Андан соң ошол унаа менен Липенка айылында жашаган тургундун торпогун уурдай кетишкен.
Кармалган шектүүлөр учурда тергөө абагына киргизилип, сурак берип жатат.
ЛЕЙЛЕКТЕГИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫН АТЫП ӨЛТҮРҮП КЕТКЕНДЕР ТАБЫЛА ЭЛЕК
Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын атып кетишти. Окуя 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында болгон. Айылдык кеңешинин төрагасы, 32 жаштагы Кубаныч Баяновду Арка айылындагы өзүнүн үйүнүн короосунан белгисиз адамдар атып кетишкен.
Шектүү жабырлануучуну артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен аткан. Ок жоон ичегисин катуу жабыркаткан. Бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Ал эми Баянов Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров шаарындагы ооруканага бир туугандары аркылуу жеткирилип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми депутатты атып кеткен кылмышка шектүү бүгүнкү күнгө чейин кармала элек. Октон жаракат алган Кубаныч Баянов ооруканада жатып өзүнө келбей, 17-ноябрда каза болгон. Маркум 32 жашта болгон, анын артында жубайы жана 3 баласы калды.
АҢЧЫЛЫККА ЧЫККАН БАТКЕН ОБЛУСУНУН ПРОКУРОРУ ТАЛААДАН ӨЛҮҮ ТАБЫЛЫП...
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 17-ноябрь күнү киши колдуу каза болду. Аны өлтүргөнгө шектелип прокурордун сөөгү табылардан мурунку күнү аны менен чогуу эс алган мамлекеттик чиновник кармалып, камакка алынды. Ал эми маркумдун туугандары прокурорду эс алууга чыккандардын баары биригип өлтүрүшкөн деген пикирде.
Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупованын билдиргенине караганда, окуя 17-ноябрь күнү болгон. Ошол күнү кечки саат 10дор чамасында Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүндө Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа эшиги ачык абалда турганы тууралуу Баткен районунун прокурору милицияга кабарлаган. Баткен ОИИБинин ыкчам иликтөө тобу автоунаага кароо жүргүзгөн учурда унаада канга окшогон тактар бар экендиги аныкталган жана унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган. Баткен облусунун прокурорунун жоголуп кеткендиги тууралуу да Баткен районунун прокурору маалымдаган. Түнү бою ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 18-ноябрда таңкы саат 06:30 чамасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо анын денесинен алган оор жаракаттардан улам каза болгондугу аныкталган.
Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, маркум 17-ноябрь күнү эртең менен 6 адам: өзүнүн 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору жана Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен Рават жайлоосуна аңчылыкка чыгышкан. Аңчылыктан кайтып келе жатып алар саат 18:00 чамасында Баткен шаарындагы "Төрт-Күл" кафесинде чогуу чай ичишкен. Кафеден чыкканда Анарбай Мамажакыпов Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы менен чогуу кетишкен. Мелис Калыков айдап жүргөн унаа башка жеке ишкерге таандык болгон. Мелис Калыков ал күнү унааны сурап айдап кеткен.
Учурда Мелис Калыков кылмышка шектелип кармалып, Баткен шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Аңчылыкка чогуу чыккан башка адамдар дагы сурак беришүүдө. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө бул беренелер өзгөрүшү мүмкүн. Тергөө иштери жүрүп жатат.
4 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ, АНЫН 47 ЖАШТАГЫ ТАЕНЕСИН ЗОРДУКТАП ӨЛТҮРҮП, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ҮЙДӨГҮ 7 ЖАШАР БАЛАНЫ ДА МУУНТУП ӨРТТӨП КЕТКЕН ОКУЯ
Жумгал районунда 29 жаштагы адам 47 жаштагы аялды жана анын 4 жашар небересин зордуктап, өрттөп кетти. Маалым болгондой, окуя 21-декабрга караган түнү Жумгал районундагы Көк-Ой айылында болгон.
Райондук ички иштер бөлүмүнө "үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болду" деген маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жөнөгөн. Иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 47 жаштагы А.Э. аттуу аялдын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө табылган. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө каза болгон аялдын неберелери 4 жаштагы И.А. аттуу кыздын жана 7 жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери табылган.
"47 жаштагы аялдын жана төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын зордукталганы аныкталып, 7 жаштагы бала муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Учурда аталган факт боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп, экспертиза дайындалды", - деп билдирет ИИМдин басма сөз катчылыгы.
Эки небереси менен кошо киши колдуу болгон 47 жаштагы аялдын күйөөсү бир жыл мурун каза болуп калган.
Ал эми каза болгон балдардын апасы жолдошу менен ажырашып кетип, Бишкекте иштеп жүргөн.
Ал эми 47 жаштагы аялдын жолдошу бир жыл мурун каза болуп, ал шектүү катары кармалган 29 жаштагы тургун менен жакын мамиледе болуп жүргөн. Кылмыш катталган күнү да алар бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, аял мас болуп калганда неберелери менен уктап калган. Шектүү ошол учурда алгач 4 жаштагы кызды зордуктап, аны 7 жаштагы бала байкап калган. Шектүү эки баланы өлтүрүп, андан кийин аялды зордуктап, өлтүрүп, үйдү өрттөп кетип калат. Кылмышка шектүү үйүндө мас абалында жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 29 жаштагы Ш.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери улантылууда.