Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин беделдүү мелдешин жеңип алды

Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков "Башундхара Кингс" командасы менен Бангладештин "Эгемендик Кубогу-2018" мелдешин жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Кечээ, 26-декабрда Дакка шаарында "Эгемендик Кубогунун" финалдык беттеши орун алган. Анда Дүйшөбековдун "Башундхара Кингс" командасы мелдештин 3 жолку жеңүүчүсү "Шейх Рассел" клубу менен кездешкен. Беттеш 2:1 эсебинде "Башундхара Кингс" командасынын жеңиши менен аяктап, Дүйшөбековдун командасы Кубоктун ээси болду.

Бул беттеште Бахтияр Дүйшөбеков 90 мүнөт толугу менен ойноду.

Буга чейин мелдештин чейрек финалында Бахтияр Дүйшөбеков 96-мүнөттө гол киргизип командасын сактап калып, жарым финалга чыгарган. Жалпы "Эгемендик Кубогунда" 2 гол менен айырмаланганга жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан