Борбор шаарда 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды

17-июль күнү кечинде Бишкектин Кожзавод районунун аймагынан 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган жаран кармалды. Бишкек ШИИББи билдиргендей, милицияга бишкектик З.М. аттуу жаран кайрылып, аталган аймактагы Аул көчөсүнөн саат 17:00 чамасында азиат түспөлүндөгү бейтааныш адам зордуктоого аракет кылганын айткан. Ыкчам чара көрүүдөн улам 25 жаштагы М.Н. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан