Тоң районунда кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы адам каза болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда кайык менен көлгө чыккан адамдын кайыгы оодарылып кетип ал сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-декабрь күнү саат 15:56 чамасында Бөкөнбаев айылынын Үч-Чуңкур тилкесиндеги көлдө кайык оодарылып, кырсыктын кесепетинен 1961-жылы туулган М.Б. аттуу киши сууга чөгүп каза болгон. Аталган аймакка куткаруучулар барып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан