"Футболду сүйөм, бирок үй-бүлөм баарынан жогору турат". Мындай пикирин испаниялык "Барселона" клубунун чабуулчусу, дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал жогорудагы пикирин Испаниянын спорт жаңылыктарын чагылдырган "Марса" гезитине билдирген.
Лионель Месси 2017-жылы Антонелла Рокуццо аттуу модель кыз менен турмуш курган. Алар учурда 3 баланы тарбиялап чоңойтушууда.