Кербен шаарында унаасы менен мугалимдерди сүзүп кетип, алардын экөөнүн өлүмүнө себепкер болгон милиция кызматкери 8 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган

Аксы районунун борбору Кербен шаарында 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча соттун чечими чыгып, ал 8 жылга жатак абакка кесилген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарланды.

"Аксы райондук сотунун 29-майындагы өкүмү менен соттолуучу С.М.Ж. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жатак абагында өтөсүн деп көрсөтүлгөн. Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калып, камакта калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, тергөө учурунда камакта жаткан күндөрүнүн бир күнү жатак абактарында кармоонун үч күнүнө теӊештирилип эсептелинген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле соттолуучу С.М.Ж. кырсыктан каза болгон маркум Айчүрөк Исманованын өкүлүнө 100 миң сом материалдык жана 50 миң сом моралдык зыян төлөп берген. Ал эми экинчи маркум Гүлазым Сармырзаеванын мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына да ушундай эле суммадагы чыгымдар өндүрүлүп берилген.

Окуя ушул жылдын 10-февралында Кербен шаарынын Ниязалы көчөсү менен Шатманов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Аксы РИИБинин кенже курамдагы кызматкери өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, Кербендин Мамай айылынын тургундары, №52-“Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдерин жолдун четинде бара жаткан жеринен сүзүп кеткен. Алар спорттук мелдештен келе жатканда ушул окуяга кабылышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 мугалим каза болуп, 2 мугалим жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Skarlett-Skarlett
2018-12-27 20:26:26
Эмнеге шарттуу?
+2
taalay25
2018-12-27 20:34:38
Бир сотка уурдаган адам сегиз жылга кучотулгон режимге кесилет, эки адам олтургон жатак абака кесилет. Кудайды карасанар соттор! Силерди ХХХХ
+4
amirrus
2018-12-27 21:03:21
тфу силердин чечиминерге тукурдум ...Акыйкат чечилбептир...
+2
Tasma2014
2018-12-27 21:04:17
Тяжкага карап моральный чыгымын толоп берсе ДТП болгон жерден качпаса соо болсо ошондой эле кесилет мыйзамда ошондой
+1
taalay25
2018-12-28 09:30:11
Tasma2014,ооа мыйзам боюнча ошондой! Бирок кылмыш фактылары бир канча жолу озгортулгон экен!
0
aerforce
2018-12-27 21:22:14
Блиин ошол кишиден башка бир бечара болсо камап салмаксынар бир канча жылга
+3
Take_men
2018-12-28 13:22:20
Катуу айдабай соо сүзсө кокустук, мас сүзсө кылмышкер. Кудай сактасын баарыбыз машина айдайбыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан