Прокурор соттон экс-депутат Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда Сузак райондук соту Музаффар Исаковго карата козголгон кылмыш ишин караган. Анда мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратуу менен, аны сот залынан камакка алуу өтүнүчүн келтирген.
2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.