Лионель Месси: "Роналду "Ювентуска" келгенден кийин клуб дагы да күчтүү болду"

"Криштиану Роналду "Ювентуска" келгенден кийин клуб дагы да күчтүү болду". Мындай пикирин "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Месси Роналду "Ювентуска" өткөндөн кийин клуб жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн билдирген.
"Ювентус" - өтө мыкты команда. Буга чейин да мыкты болуп келген. Бирок Роналду аталган клубга өткөндөн кийин мурдагыдан да күчтүү болду. Бул сезондо "Ювентус" Чемпиондор Лигасын жеңип алууга катуу ниеттенүүдө", - деген Месси.
Роналду италиялык "Ювентуска" испаниялык "Реал Мадридден" 2018-жылдын жайында которулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Joka.94
2018-12-28 19:38:06
Сабатсыз досун болгончо,
Сабаттуу атаандашын болгону жакшы.
+4
Baku88
2018-12-29 10:49:26
Ийгилик аябай жүрөгү кенен инсан экен
+3
Kristianuronaldu
2018-12-29 18:31:15
Укмуш сонун атандаштар бул еконун ордун еч ким баса албастыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан