Ысык-Атада күйөөсү атып салган аял ооруканага түштү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаран аялын атып алды. Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"25-декабрда болжол менен саат 23:35 чамасында Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканага 34 жаштагы Я.Н. аттуу аял көкүрөк тушуна ок атуучу куралдан алган жаракаты менен келип түшкөнү тууралуу маалымат жеткен. Окуя боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында бул окуяга шектелип аталган райондун тургуну, жабырлануучунун күйөөсү 35 жаштагы А.В. кармалган. Териштирүүнүн негизинде аныкталгандай, жубайлар теңтуштары менен өз үйүндө спирт ичимдиктерин ичишкен. Мас абалындагы А.В. бейбаштык кылып жатып аялына ок чыгарган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Avrora2017
2018-12-28 15:34:32
Балакет ичкиле эми эмне дейбиз, арак качан жакшылыка алпарчу эле , ошу кыргызстанда аракты ичкиликке вообще запрет кылып салса жакшы болот эле президент, кылмыштуулук азаят эле эн биринчи, зордктап кетмей деген, отуруп кетмей, мушташ, мас абалында машина айдап авария болуп атыщат олтуро сузуп кетишип, ущундай кырсыктын кобу жалан арак ичкиликтен келип чыгып атат, токтотуш керек магазиндерде ичкилик сатканды, раньше кыргыздар ичкиликсиз эле жашап келгенбиз, эми конешно кымыз бозо ичип
+2
Avrora2017
2018-12-28 15:52:43
Avrora2017,кымыз бозо ичип койобуз , но не это арак каргыш тийген, ушу мен Президентибизге кат жазсамбы деп турам ичкиликти вообще запрет кылып салынызчы кыргызстанда колунуздан келсе деп , балким жашоода бираз онолот беле, негизи эле ичкиликти атайын эле чыгарышкан система сверху бизди башкарып турган адамзат кобуроок олсун деп, ичкиликтин турлорун чыгарып атышатго азыр побольше олгуло деп
0
KIRA.
2018-12-28 20:41:35
Мен да ичкиликке каршымын,эмне пайдасы бар,жогоруда айткандай терс гана таасир берип жатат.
+1
balzaminka
2018-12-28 22:05:57
Озбекстанда арактын баасы ото кымбат экен анан аны копчулук карапайым эл ала албайт экен. Биз жакка озбектер келип курулушта иштеп жатышты эле ошолор айтат той берет элем кантип алып кетсем аябай арзан экен жыргал экен деп..бизде да такыр жок кыла алышпаса да кымбаттатып койушса жакшы эле болмок.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан