Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда чек ара кызматкерлери аткезчилик жол менен Өзбекстандын аймагына жүк алып бараткан 2 Кыргыз жаранын кармашты. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
"Мамлекеттик чек арадан 100 метр алыстыкта чек арачылар Daewoo Tico унаасын токтотушкан. Анын ичинде 2 адам болгон. Унааны текшерүүгө алганда ичинен 10 даана Yasin үлгүсүндөгү сыналгы болгон. Анын ар биринин диагоналы 32 дюйм. Сыналгыларды алар көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эмес, тыюу салынган аймак аркылуу алып өтүүнү көздөшкөн", - деп билдирет аталган бөлүм.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган эки жаран сыналгылары менен кошо Баткен облустук Бажы кызматына өткөрүлүп берилген.