Кыргыз өлкөсүндө "Ата мекендик өндүрүштү колдоонун 100 күндүгү" кампаниясы ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн тиешелүү документтерди 2019-жылдын 10-январына чейинки мөөнөттө бекитүү тапшырмасын берген.
Мындан тышкары Аскаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын колдонуу ички дүң продукциянын жогорулоосуна шарт түзөрүн айткан.
"Эгерде биз пенсия, жөлөк пулдардын көлөмүн, ошондой эле мугалим, дарыгерлердин эмгек акысын көбөйтүүнү кааласак, анда биз ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого тийишпиз. Дал ушул ата мекендик өндүрүүчүлөр өлкө бюджетине каражат түшүрүүчү булак болуп саналат", - деди вице-премьер-министр.