Кечээ, 29-декабрда "Жебе" тобунун солисти Самат Муратбековдун үйүндө наристенин үнү жаңырды. Ырчы мырзаны бул жакшылыгы менен куттуктап байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:
"Негизи 5-январда төрөлмөк, бирок Жаңы жылды биз менен тосоюн деген окшойт, 29-декабрь күнү саат 5те кесарево жолу менен кыз төрөлдү. Буюрса, эне-баланын ден соолугу жакшы. 2 киллограмм 650 грамм салмакта төрөлдү. Улуу кызым Жанель апасынын курсагын сылап Ая дей берчү. Андыктан жаңы төрөлгөн кызыбызды атын Ая койдук", - дейт Самат Муратбеков.
Самат Муратбеков 2015-жылы үйлөнүп, 2016-жылы 13-июлда алгачкы наристелүү болгон.