"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси качантан баштап Аргентина курамасында ойной баштаары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн футбол Федерациясынын башчысы Клаудио Тапиага шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Тапиа "Месси эч качан кураманы таштап кеткен эмес, мындан улам ага чакыруу барса, кайтарына ишенем" деген.
"Буга байланыштуу Лионель Месси 2019-жылкы Америка Кубогуна катышат. Аталган спорттук иш-чара 2019-жылдын жайында Бразилияда болуп өтөт", - деп жазышат басылмалар.
Месси 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан кийин Аргентинанын курамында ойноону убактылуу токтоткон. Жакында эле аны курамага кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болгон.