Бүгүн, 31-декабрда Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, жер титирөө саат 10:06да Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чектешкен аймагында катталып, күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 3 баллга, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.