31-декабрдан 1-январга караган түнү Москва шаарында жайгашкан Максим Горький атындагы сейил багындагы жыгач көпүрө сынып кетти. Кырсыктан 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин Москванын шаар жетекчилиги сейил бактагы көпүрөнүн сынуу себептерин аныкташкан. Көпүрөнүн сынуусунун негизги себеби катары муз аянтчасын куруудагы техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан жабдуу сынып кеткен де айтылууда. Белгилүү болгондой, көпүрө сынган жер бир нече чарчы муз аянтчасын жараксыз абалга алып келген.