Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” чек ара бекетинде мыйзамсыз курал алып жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-июлда чек арадан өтмөкчү болгон 32 жаштагы Казакстандын жаранынын унаасын кароо учурунда, ОСА ПБ -4-1 МП үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылган. Бул куралга тиешелүү документтер жок болгон. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. Чүй ОИИБи 2011-жылдан бери ок атуучу куралды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, алып жүрүү, сактоо, бирөөнө берүү үчүн жаза күчөтүлгөнүн эскертет.