Ысык-Ата районунда 25-30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашы болжол менен 25-30 чамалардагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

"1-январь күнү саат 16:25 чамасында ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жайга ыкчам-иликтөө тобу чыгып кеткен. Ал аймактан 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылган.

Экспертиза иштеринин жыйынтыгында каза болгон аялдын денесинде эч кандай кылмыш издери байкалган жок. Учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине аялдын аты-жөнүн аныктоо тапшырмасы берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан