Ошто эки кыз каза болгон мейманканада атууга тыюу салынган илбирстин териси табылды

2019-жылдын 1-январында Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү "Жетиген" мейманканасынан өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон.

Ош милициясынын басма сөз кызматы окуядан кийин факт боюнча кылмыш иши ачылганын жана мейманкананын кире беришинен илбирcтин, карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы табылганын кабарлады.

"Илбирcтин, карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы мейманкананын кире беришинде илинип турган экен. Алар эски абалда болгон. Учурда ал буюмдардын кайдан келгени иликтенүүдѳ. Аталган мейманкананын администраторунун айтымында, мындан кѳп жыл мурда күйѳѳсү кайдандыр алып келип илип койгон. Күйѳѳсү былтыр каза болгон экен", - деп билдиришти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aikaaaa
2019-01-04 12:28:21
Ал жер Оштун вице мэриники экен делип жүрдү беле, анан кайдан келмек эле, админстраторго шылтап коюшат да
+8
didu
2019-01-04 12:30:47
мейманкана эмес сауна эле. уйятту мыйман алыл барсан уят болосун жыланач кыздарды коруп
+13
elif
2019-01-04 12:33:49
Мындай натура терилер чондордо гана болоорун билебиз!Ок кайсы жакты корсотуп атканы белгилуу го
+9
bond02
2019-01-04 12:40:44
Дагы бир мергенчи алып келсе керек да «вариантка»
+7
Lukman-Hakim
2019-01-04 12:42:21
Кыздардын өлүмүн иликтейсиңерби же кийиктин, жолборстун терисин иликтейсиңерби?
+52
Busi06
2019-01-05 23:44:17
Lukman-Hakim,Буларга Жолборстун териси керекта)) ал канча турат акыры, олгон олуп кетти
+1
Benazir08
2019-01-04 13:23:51
Мындай терилер мурууун бир чон атабыздын уйундо илинип тураар эле. Кийиктин башы да мандайда илинет эле. Совет убагында элик кийиктерди кенири эле жешкен да. Азыр деле чондордун уйуно барсак кийиктин куурмасы кайнап бышып турган болот
-5
Skarlett-Skarlett
2019-01-04 13:27:18
Тооба,кыздардын ата-энеси кандай абалда болду экен?Жалапканадан кыздары олуп жатса..Ата-эне сыймыктана турган болгула урматтуу кыргыз элим.Ата-энеде эмне куноо?Баскан кадамынарды санап бассанар.Аллах кечир кор пенделеринди!
+23
CAAT
2019-01-04 14:07:06
бул баякы бир киши жамынып тушкон тери эмеспи издешип атты элего?
+2
Yago.limon
2019-01-04 14:44:58
Жалко, жансыз кыздарга да,илбирске да ((
+1
Kgda
2019-01-04 16:01:16
Ак илбирстин тукуму.
+2
langar
2019-01-04 16:06:17
Оо терилерди туштон кийин некыласынар изилдеп
+2
Baicho_0707
2019-01-04 16:57:17
Аны ошол жерге барып жургон чондордон сурасанар билет канча жылдан бери илинип турганын,андай жерлерге жалан чондор барат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан