UFC уюму 2018-жылдын ичинде өткөргөн мелдештердин арасынан эң мыкты нокаутту аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда жылдын эң мыкты нокауту деп 2018-жылдын 10-ноябрында орун алган UFC Fight Night 139 мелдешиндеги мексикалык Яир Родригес менен кореялык Чан Сон Жондун беттеши табылган. Бул беттеште Яир Родригес контр-чабуулда чыканагы менен Сон Жонду нокаутка кетирген.
Андан тышкары жылдын мыкты нокауту наамына Брайан Ортега менен Френки Эдгардын, Дэниел Кормье менен Стипе Миочич жана Аманда Нуньес менен Крис Сайборгдун беттештериндеги нокауттар ат салышкан.