"Барселона" футболдук клубу Франция курама командасынын жана "Штутгарт" футболдук клубунун оюнчусу Бенжамен Паварды сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Барселона" клубу Павардын агенттиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар алдын ала келишим түзүүгө даяр болушту. 22 жаштагы Бенжамен Павар 2019-жылдын жайкы трансферлер убактысында "Барселонага" өтүшү күтүлөт.
Буга чейин Бенжамен Паварды сатып алууга германиялык "Бавария" жана италиялык "Наполи" кызыгып жүргөн.
Белгилүү болгондой, Бенжамен Павар 2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Франция курама командасы менен жеңишке жеткен. Жана Павар укмуштуудай соккусу менен гол киргизип, ал чемпиондуктун мыкты голу деп табылган.