
Таиландда туристтик автобус оодарылып кетип 6 адам каза болуп, 50 киши жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жол кырсыгы бүгүн, 6-январь түнү Патумтхани провинциясында катталган.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы айдоочу башка унаадан буйтоо үчүн дароо тормозду баскан, жыйынтыгында автобус оодарылып кеткен.
Каза болгондордун арасында 1 бала бар. Ал эми жаракат алгандар оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Таиландда жаңы жылдык майрамдан бери жол кырсыгынан 300дөн ашык адам каза болгон.