Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам ооруканага жеткирилди

Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-январда саат 23:00 чамасында Токтогул көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда Ниссан Патфайндер, Хонда Фит, Тойота Ист жана Лексус үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"Аталган дарекке "Тез жардам" кызматы барып, жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркаганын аныкташкан. Ал Улуттук госпиталга жеткирилди", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Учурда унаалар айып төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2019-01-07 13:18:50
Ayip pul dele jardam berbegenin emi tuwunso kerek bizdin chondor. Kalp ele chontok tolturuw uchun oylop tapkany emi achykka chyga bawtady. Birinchi joldorgo jakwy korungon znak koyso owondo avariya azaymak
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан