26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылууга шектелген эки киши камакка алынды. Бул тууралуу 7-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Назира Имангазиева SUPER.KG'ге кабарлады.
Анын айтымында, 2-январга караган түнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө зордуктоо аракети болгону боюнча чалуу түшкөн. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
"1-январь күнү саат 23:00 чамаларында 26 жаштагы М.Э. аттуу кыз Токмок шаарынан Бишкек шаарына кайтуу үчүн жолдон өтүп бараткан Хонда Степвагон унаасын токтоткон. Унаа ичинде дагы эки киши болгон. Жолдо келатып ал экөө күч колдонуп 26 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылышкан. Кыз дароо милициянын 102 номуруна чалып жибергенде алар качып кетүүгө камынышкан. Бирок ыкчам топ алардын артынан жетип, колго түшүрүшкөн. Кармалгандар 35 жаштагы Т.Э. жана 40 жаштагы А.У. аттуу жарандар болуп чыгышкан. Экөөнө "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды", - деди Имангазиева.
Айрым маалыматтарга караганда, зордуктоо аракетине кабылган кыз милиция кызматкери болгон. Бирок Имангазиева бул маалыматты тастыктаган жок.