Кытай курама командасынын машыктыруучусу: "Кыргыз дарбазачысынын катачылыгынан кийин бизге ийгилик жылмайды"

Кыргыз дарбазачысынын катачылыгынан кийин Кытай курамасына ийгилик жылмайды. Бул тууралуу Кытай курама командасынын машыктыруучусу Марчелло Липпи оюндан кийинки маалымат жыйында айтты.

"Бул беттеш боюнча менин ойлорум төмөнкүдөй. Биз беттештин биринчи бөлүгүндө жакшы оюн көрсөтө албай, көп ката кетирдик. Бирок 2-таймда оюнду өзгөртүп салганга үлгүрдүк. Мен командамдын оюну менен сыймыктанам, өзгөчө 2-таймда оюнчуларым мыкты оюн көрсөттү. Биз Кытай мамлекети үчүн жеңишке жеттик.

Биринчи гол киргенде бизге ийгилик жылмайды деп айтса болот, бул гол дарбазачынын катачылыгынан кирди.

2-таймда мен курамга бир топ өзгөрүү киргиздим. Биз үчүн орто бөлүктү өзүбүздүн карамагыбызга өткөрүп алуу керек болгон. Мен керектүү оюнчуну талаага чыгарып, бул алмаштыруу ийгиликтүү болду. 2-таймда болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, голдорду киргизе алдык", - деп айтты Липпи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uli98
2019-01-08 00:09:38
Кутман Кадырбековду чыгарса жакшы болмок жаш дарбазачы келечеги кең. Матяш болду окшойт.
0
Uli98
2019-01-08 00:10:39
Жаш талантарды тапташ керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан