Кыргыз-Кытай беттеши. Футбол боюнча Советтер Союзунун эмгек сиңирген машыктыруучусу: "Тажрыйбалуу Павел Матяш бир нече чоң катачылыкка жол берди"

Кыргыздын атактуу ардагери, футбол боюнча Советтер Союзунун эмгек сиңирген машыктыруучусу жана легендарлуу "Алга" футболдук клубунун оюнчусу Борис Стрельцов Кыргыз-Кытай беттешинен кийин өз пикири менен бөлүштү.

Өткөн оюн боюнча ойлоруңуз менен бөлүшүп койсоңуз?

- Команда татыктуу оюн өткөрдү. Дарбазачынын айынан биздин курамга 2 учурдан ийгилик жылмайбай калды. Муну эч нерсе менен түшүндүрүп бере албайм. Тажрыйбалуу Павел Матяш бир нече чоң катачылыкка жол берди. Бул команданы психологиялык жактан артка тартып койду. Бирок команда бул оюнда татыктуу көрүндү. Менин оюмча, Кытай учурда футбол дүйнөсүндөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле азыркы тапта биздин курам ар бир атаандашы менен татыктуу ойноп, ийгиликтүү боло алат. Жөн гана талыкпай эмгектенип, көбүрөөк иштеши керек.

Азыр дарбазачы жана Кыргыз курамасына кандай колдоо көрсөтүү керек?

- Дарбазачы менен психологиялык жактан иштеп, анын катачылыктарын көрсөтүш керек. Бирок ошол эле учурда Матяштын карьерасы жыйынтыкталып калды деп чечим чыгарбоо зарыл. Бүгүн ал катачылык кетирди, ал эми эртең мындан дагы жакшыраак болот. Бул беттеш боюнча анализдерди жүргүзүп, туура чечимдерди кабыл алуу керек. Кийинки беттеште жеңиш үчүн гана чыгуу зарыл.

Менин оюмча, жеңиш жакшы маанайдан жана күйөрмандардын колдоосу менен гана келет. Биздин күйөрмандар бүгүн эң мыкты болушту.

Мындай жеңилүүдөн кийин оюнчулар кантип калыбына келет?

Ар бир оюнчу позитивдүү ойлонуп, алдыга гана умтулушу зарыл. Ошондо гана ийгиликтер жаралып баштайт. Учурда кийинки этапка өтүүгө мүмкүнчүлүктөр жоголгон жок. Алдыда дагы Түштүк Корея жана Филиппин менен беттештер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ulanbek2000
2019-01-08 13:11:34
Негизги курам менен В.Кашуба чыгышы керек болчу
0
Sarinakg
2019-01-08 13:58:07
Алмаштырыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан