Улуу Британиянын ханбийкеси Меган Маркл көйнөк үчүн 500 миң доллар сарптаганы чуу жаратты

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайы, ханбийке Меган Маркл ысырап кылганы үчүн эл аралык чууну жаратты. Чет элдик басылмалар ханбийке турмушка чыккандан бери 500 миң долларга көйнөк алганын жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ханбийкенин ысырапкор экени өткөн жылдын жай мезгилинде эле айтыла баштаган. Анда Меган Марклдын айланасындагы адамдар анын бир жолку шопинги үчүн 200 миң доллар акча коротконун айтып чыгышкан. Ушундай күбүр-шыбыр кептерден кийин британиялык көз карандысыз портал ар кайсы мамлекеттердин ханайымдарынын көйнөктөрүнүн баасын изилдеп чыккан.

Тизмектин сап башында Меган Маркл турганы маалым болгон. Ал ханзаадага турмушка чыккандан кийин алган көйнөктөрдүн жалпы суммасы 500 миң доллардан ашкан.

Андан кийинки орунда Даниянын крон-ханбийкеси Мари болгон. Ал жыл ичинде көйнөк үчүн 112 миң доллар сарптаган.

Британия падышалыгынын мүчөсү, ханзаада Эдварддын жубайы, ханбийке Софи Уэссекская 73 миң доллар короткону үчүн алдыңкы үчтүктөн орун алган.

Ал эми Кембридж ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон 86 миң доллар каражат сарптап, ханбийке Меган Марклга салыштырмалуу үнөмдүү экени айтылган. Кейт Миддлтондун бир эле кийимин бир нече ирет кийип, өтө кымбат эмес кийимдерге басым жасаганы жогору бааланган.

Кийим үчүн ашыкча каражат короткондордун катарына 66 миң доллар сарптаган Норвегиянын ханбийкеси Метте-Марит дагы кирген.

Ал эми Иорданиянын ханбийкеси Рания Аль-Абдулла дагы бул тизмекке кошулуп калган. Бирок хан сарайдын кызматкерлери ханбийкени коргоого алган. Тагыраагы, хан сарайдын берген маалыматы боюнча Рания Аль-Абдулла кооз көйнөктөрдү ижарага алган жана ал ысырап кылбай турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2019-01-08 11:07:51
Биздикин да жазып койгула
0
Nevestkaa
2019-01-08 11:33:55
Бир жолку шопинги 200 000$болсо анда 2.5 жолу эле шопинг кылыптыр да.Атаңкөрү дүнүйөөө канчалаган адамдар азапта жашайт булар жыргал жашоодо жашайт.
+3
vikidiki
2019-01-08 12:06:28
Биздин бир жылдык шопингибизди айткандан да уяласын го булардын жанынан.
+3
Adil706070
2019-01-08 14:18:56
Фамилиясы эле өзгөчө го ☺
0
balzaminka
2019-01-08 14:58:29
Куйоого тийгенден бери шопинг дегенди унутуп деле калдык го беш алты жылдан бери
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан