Кышкы трансферлер. Европалык футболдук клубдарга кайсы оюнчулар келиши мүмкүн?

Европанын алдыңкы чемпиондуктарында кышкы трансферлер башталды. Трансфердик мезгил Франция, Германия, Италия өлкөлөрүндө 1-январдан 2-февралга чейин жүрсө, Испанияда 5-январдан 31-январга чейин, Англия чемпиондугунда 1-январдан айдын аягына чейин уланат. Футболдук сезон башталгандан берки көргөзгөн оюнуна жараша клубдар оюн талаасындагы кайсы позицияларда мүчүлүштүктөр бар экенин аныктап, кемчиликтерди толтуруу үчүн жаңы оюнчуларды сатып алууга аракеттенишет.

Бул жылкы кышкы трансферлер мезгилинде кайсы клуб кимди сатып алууну көздөп жатканы тууралуу европалык спорт басылмаларынын байкоолоруна саресеп салып көрөлү.

Иско "Реал Мадридден" кетиши мүмкүн

Мадриддик клубдун жарым коргоочусу Иско Испанияны Англияга же Италияга алмаштырышы мүмкүн. Мындай маалыматтардын тарашына Исконун акыркы мезгилдерде көрсөткөн канааттандырарлык эмес оюну жана негизги курамга көпчүлүк учурда кошулбай калганы себеп болууда. Испан басылмалары жарым коргоочунун ойноо стили көбүрөөк туура келгендиги үчүн "Манчестер Сити" клубу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазышса, италиялык маалымат каражаттары Искону 80 миллион евродон кем эмес акчага мурдагы клубдашы Криштиану Роналдунун артынан "Ювентус" клубуна өтөрүн белгилешүүдө.

Аарон Рэмзи "Ювентуска" бекер келет

Лондондук "Арсенал" клубу менен жарым коргоочу Аарон Рэмзинин ортосундагы келишим жай мезгилинде аяктайт. Эки тараптын келишимди узартуу үчүн жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандыктан, Рэмзинин "Ювентус" клубу менен 5 жылга келишим түзгөндүгү айтылууда. "Ювентус" менен "Арсеналдын" сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү жыйынтыкталса, жарым коргоочу жай мезгилин күтпөстөн, туриндик клубга бекер өтүп калуусу толук ыктымал.

Альваро Мората Испанияга кайтууга камынууда

"Челси" клубунун чабуулчусу Альваро Мората Испан чемпиондугуна кайтууга камынууда. Бирок мурдагы клубу "Реал Мадридге" эмес, "Севилья" клубуна. Испан басылмалары жазышкандай, 26 жаштагы чабуулчу негизги курамга кошулуу маянасын 5 миллион еврого чейин төмөндөтүүгө даяр. "Севилья" клубу андан да аз айлык төлөөнү каалап жатканы менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр.

Мындан сырткары Моратаны сатып алууга германиялык "Бавария" жана "Боруссия Дортмунд" клубдары кызыкдар экендиги айтылууда.

"Барселона" Неймарды кайтаруу үчүн Филиппе Коутиньону 140 миллион еврого сатабы?

Белгилүү Испан басылмаларынын бири жазгандай, каталондук клуб жарым коргоочу Филиппе Коутиньону 140 миллион еврого сатууга даяр. Буга ПСЖ клубунун оюнчусу Неймарды кайтаруу үчүн каражат чогултуу зарылчылыгы жана Коутиньонун негизги курамга чыгуу үчүн атаандаштыкты Усман Дембелеге уттуруп койгондугу себеп болгон. Жарым коргоочу үчүн кайсы клуб 140 миллион евро берүүгө макул экендиги тууралуу азырынча маалыматтар жок. Бирок буга чейин ага англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу кызыгуусун артып жүргөнү маалымдалган.

Белгилей кетсек, Неймар 2017-жылдын жай айларында Каталонияны 222 миллион еврого таштап кеткен. Ал эми Коутиньо 2018-жылдын кыш айларында 140 миллион еврого "Ливерпулдан" "Барселонага" өткөн.

"Реал Мадриддин" оюнчулары клубга Роберт Левандовскинин келүүсүн каалашат

"Реал Мадриддин" оюнчулары менен клубдун президенти Флорентино Перестин жолугушуусунда "Бавариянын" чабуулчусу, польшалык Роберт Левандовски тууралуу кеп козголду. Мадриддик спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, футболчулар бир добуштан Перестен кышкы трансфер мезгили бүткөнгө чейин Левандовскини сатып алуу аракетин көрүүсүн суранышкан. Польшалык чабуулчу да буга чейинки маектеринде "Мадридде" ойноо көптөн берки кыялы экендигин моюнуна алган. Бирок азырынча Флорентино Перес кандай чечим кабыл алганы белгисиз.

"Трансфермаркт" агенттиги Роберт Левандовскини 70 миллион еврого баалаган. Бирок "Бавариянын" жетекчилиги эң мыкты бомбардирин 100 миллион евродон кем акчага сатпай турганы болжолдонууда.

"Тоттенхемге" тез арада жаңы чабуулчу керек

Англия Премьер Лигасынын 22-турунда орун алган "Манчестер Юнайтед" менен беттеште "Тоттенхемдин" оюнчусу Гари Кейн жаракат алып калды. Ал эми Сон Хын Мин Азия Кубогуна катышуу үчүн Түштүк Корея курама командасына кошулду. Эки чабуулчу тең бир учурда командадан четтеп калышы көйгөй жаратышы толук мүмкүн. Буга байланыштуу Маурисио Почеттинонун командасына тез арада жаңы чабуулчу сатып алуу зарылчылыгы пайда болду. "Тоттенхем" клубу "оюн деңгээли жогорку деңгээлде эмес" деген жүйө менен сатууну көздөп жаткан дагы бир чабуулчу Фернандо Льоренте боюнча "Атлетик" клубу менен сүйлөшүүлөрүн токтотту. Мындан сырткары англиялык клуб "Барселонанын" оюнчусу Малкомду ижарага алуу боюнча иш алып барып жаткандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monok2001
2019-01-15 19:22:41
Челси Игуаин мн суйлошулорду жургузуп жатат.Бир болсо Челси мн Ювентус Морато мн Игуаинди бартер кылышат
-1
Modric10
2019-01-15 19:55:16
Коутинио точно мен ойлогондой болуптур. Дембеледен кучтуу эле жаны келгенде.бирок убакыт берсе Коутинио жакшы ойноп кетет.
Ал эми левандовскийди айтсам Реалга такыр кереги жок. Анын оюну жургончо коп убакыт кетет
+1
Makkambaev97
2019-01-15 22:22:37
Хамес бавариядан кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан