Бишкектин Айтматов кең көчөсүндө айдоочу унаасы менен тосмону сүзүп, жолдун четине чыгып кетти. Маалыматты SUPER.KG порталына шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
"Окуя бүгүн, 8-январда саат 13:50 чамасында Айтматов кең көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон. Toyota Yaris үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу өзүн начар сезип, рулду башкара албай калган. Натыйжада каршы тилкеге чыгып кетип, жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Айдоочуга "Тез жардам" кызматы алгачкы жардам көрсөткөн соң наркология борборунда текшерүүдөн өткөрүлүп, спирттик ичимдиктерди ичпегендиги аныкталды. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду", - деди басма сөз кызматкери.