Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 9-январга караган түнү саат 01:41де болгон. Жер титирөө Тоң районунун Оттук айылында 3 баллга, Кара-Талаа айылында 2,5 баллга жана Ак-Өлөң айылында 2 баллга чейин жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.