ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Көргөзмөдөгү ачык кийими менен ханзааданын жүрөгүн багындырган Кейт Миддлтон 37 жашка толду

Бүгүн Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон 37 жашка толду. Кембридж герцогинясынын толук аты-жөнү Кэтрин Элизабет Миддлтон. Ал 1982-жылы 9-январда Англиянын Рединг шаарында жарык дүйнөгө келген.


Атасынын аты Майкл Френсис Миддлтон, апасы Кэрол Элизабет. Пиппа Миддлтон аттуу сиңдиси жана Жеймс Уильям аттуу иниси бар.


2001-жылы Сент-Эндрюсс университетине тапшырып, дал ушул жерден болочоктогу жолдошу ханзаада Уильям менен таанышат. Окуу жайды аяктап, искусствонун тарыхын изилдөөчү адистикке ээ болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ханзаада окуусун таштайм дегенде, Кейт аны бул оюнан кайтарган.


Ханзаада Уильям менен таанышкан учурда ал анын жүрөгүн ээлегиси келген атаандаш кыздар көп экенин баамдаган. Бир ирет ханзаада кайрымдуулук көргөзмөдө ачык көйнөктүн ичинен бикини кийип чыккан Кейтти көрүп сүйүп калгандыгы айтылат. 2002-жылдан тарта экөө чогуу жашап калышкан.

2004-жылы маалымат булактарынан Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын жакын мамиледе экендигин жашыруу мүмкүн эмес болуп калганда падыша үй-бүлөсүнүн басма сөз кызматы алардын мамилесин тастыктаган.

2005-жылы университетти аяктаган соң Миддлтон кийим дүкөнүндө иштеп, ал эми ханзаада падышалык салтка ылайык Сандхерст аскердик академиясына тапшырган. 2006-жылы ханзаада окуган академияны аяктаган. Аземге Миддлтондун туугандары жана хан айым Елизавета баш болуп катышкан.

Дал ушул учурдан баштап Кейт Миддлтон официалдуу иш-чараларга катыша баштаган. Анын ар бир кийингени эл тарабынан жакшы кабыл алынып, "Англия розасы" деген лакап атка ээ болгон.

Анын образынан көбүнчө шляпа жана ретро стилди көрүүгө болот.

2007-жылы сүйүшкөндөр таарынышып, жылдын аягында гана кайра табышкан. Ал эми 2010-жылы 16-ноябрда алардын үйлөнөрү жалпыга маалым болгон.

2011-жылдын 29-апрелинде Кейт Миддлтон 29 жашында ханзаада Уильямга турмушка чыккан.

Бул той Лондон үчүн каражат жагынан абдан кирешелүү болгон десек болот. Себеби үлпөт тойду көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан адамдар келишкен.

2013-жылы жаңы мураскер Георг Александр Луи төрөлөт. 2014-жылы Миддлтондун күйөрмандары анын кайрадан кош бойлуу экендигин баамдашкан. Ошентип 2015-жылы ал экинчи ирет эне болуп, ханбийке Шарлотта Елизавета Диана жарык дүйнөгө келген.

Ал эми 2018-жылы жазында падыша үй-бүлөсүндө дагы толуктоо болуп, 23-апрелде герцог Уильямга дагы бир мураскер төрөп берген. Ага Луи Артур Чарльз аттуу ысым ыйгарышкан.

2018-жылы 19-майда ханзаада Гарри менен актриса Меган Маркл баш кошушкан. Ошондон тарта Маркл менен Миддлтондун кийингенин, ар бир кыймыл-аракетин салыштырып келишет.

Жакында эле Меган Марклдын абдан ысырапкор экендигин айтып чыгышты. Себеби ал ханзаадага турмушка чыккандан кийин алган көйнөктөрүнүн жалпы суммасы 500 миң долларды чапчыган.

Ал эми Кейт Миддлтондун өтө кымбат эмес кийимдерди кийгендиги өтө жогору бааланган. Ал жалпы 86 миң доллар сарптап, үнөмдүү айым экендигин далилдеген.

9-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан