Индиянын чабуулчусу Сунил Четри улуттук курама команда үчүн киргизген голдор боюнча аргентиналык Лионель Мессини артта калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Четри Индия курамасы менен 105 оюн өткөрүп, 67 гол киргизген. Ал эми Месси болсо 65 голго ээлик кылган. "Четри 2005-жылдан бери курамада ойнойт. Ал эми Месси Аргентина курамасында 2004-жылдан бери жүрөт. Учурда улуттук курама үчүн эң көп гол киргизген португалиялык Криштиану Роналду (85)", - деп айтылат маалыматта.