Чаткал районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.
"2019-жылдын 10-январына караган түнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган Улан Койчиев аттуу тургуну жүк ташуучу автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан учурда белгисиз жаран ок атуучу курал менен Койчиевди атып жиберген. Натыйжада Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Аскат Э. уулун аныкташкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында төмөнкүдөй жагдайлар аныкталды:
Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Терек-Сай айылынын тургуну 1994-жылы туулган Аскат өзүнүн БМВ үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдо токтоп турган. Ошол маалда "ЧААРАТ ЗААВ" ЖАКсынын фирмасына таандык Вольво-FH 12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы менен келген айдоочу БМВнын айдоочусуна унаасын жолдон алып коюуну өтүнөт. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу А.Э менен бирге анын жанында Улан Койчиев аттуу жаран болгон. Аскат мас абалында болгондуктан ортодо пикир-келишпестик пайда болуп, автоунаасындагы Иж 16 калибрлүү сайсыз кош ооздуу ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У.Койчиевди көкүрөк тарабына атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары Аскат Э. уулу кармалып, Чаткал РИИБине жеткирилген.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.