Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Мындай маалымат Султановдун сөзү менен федерациянын сайтында жарыяланды. Анда белгилүү болгондой, мындай чечим 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында белгилүү болгон.
Семетей Султановдун ордуна биринчи вице-президент Дастан Конокбаев федерация башчылыгынын убактылуу кызматын аткаруучу болуп шайланды.
Семетей Султанов 2012-жылы 7-декабрда алгачкы мөөнөткө шайланган болчу.
"Урматтуу мекендештер, урматтуу достор жана спорттун ушул керемет түрүн өнүктүрүү үчүн салымын кошуп иштеп келген адамдар. 2019-жыл абдан жемиштүү башталды. Алардын башкысы - биздин команданын Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуусу. Бул тарыхый окуя болуп калат. Биз качандыр бир кезде бул ийгилик жөнүндө кыялдана алчу дагы эмеспиз. Эми бүгүн минтип биздин команда Азия Кубогу үчүн таймаш талаасында ойноп жатканда абдан жоопкерчиликтүү чечимди кабыл алып жатам. Бул чукул эле чыга калган чечим болгон жок. Мен буга даярданып жүргөм, эч кандай мажбурлоо да болгон жок. Биз бул кадамды биздин команда Азия Кубогу үчүн мелдеш жүргүзүп жаткан учурга даярдаганбыз. Ошол учур келди, футболчуларыбыз Кубок үчүн таймашып жатышат. Бул биздин футболду өнүктүрүүнүн 1-этабын соңуна чыгаруу деп кабыл алсак болот", - дейт Султанов.
Айта кетсек, Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.
Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.