SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын концерти менен толукталды. Концерт "Сахнада 30 жыл" деп аталып, 2018-жылдын октябрь айында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн.
Алып баруучулукту ырчынын концертин 30 жылдан бери алып барып келген Турусбек Жумалиев аркалаган. Юбилейлик концертте Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Махабат Мавлянова Иманалиеваны 30 жылдык мааракеси менен куттукташып, "Сахна жылдызы" медалы тагышкан.
3 саатка созулган концертти "Роза гүлү" аттуу ыры менен ачкан Айчүрөк Иманалиева репертуарындагы хит ырларын катары менен аткарды. "Юбилейлик концертиме уулум Арлен жардам берди. Бул жолку концертимде сахнанын жасалгасына, жарыктарга өзгөчө басым жасадым. Андан дагы жакшы кылсам болмок, бирок убакыт тар болду. Юбилейим менен куттуктап ырчылар Адилет Азимов, Ислам Акматов, шакиртим Милана Сариева келишип, ыр белектерин тартуулашты. Концертке келген көрүүчүлөргө менин үй-бүлөмдү эл алдына алып чыкканым өзгөчөлүк болду. Көпчүлүк күйөрмандарым "Уулуңуз Арген азыр кайда?" деп сурашчу. Ошондон улам жооп болсун деп сахнага үй-бүлөмдү алып чыктым. Көрүүчүлөрдүн кол чабуусу жана өзүмдүн чарчаганым эсимде калды", - дейт ырчы.
Айчүрөк Иманалиеванын "Сахнада 30 жыл" аталышындагы концертин көрүү үчүн шилтеме.