Чүйдө "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин баласы сабалып ооруканада

Чүй ОИИББи "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басары сабалгандыгы тууралуу маалымат таратты. Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, окуя 2018-жылдын декабрь айында орун алган. Белгилүү болгондой, "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин баласы Автандил Конгантиев иштейт.

"28-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын 35 жаштагы А.Конгантиев аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын арызына караганда, 28-декабрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында Лебединовка айылындагы кафелердин биринде отурган жеринен белгисиз адамдар келип, себепсиз эле денесине залал келтиришкен. Натыйжада Конгантиев жаракаттары менен Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон. Издөө иштеринин алкагында Конгантиевге кол салууга шектелип, 35 жаштагы Э.Кимсанов аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткандыктан, тергөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Мындан тышкары Кимсанов менен кошо келип, кол салууга шектелген 28 жаштагы Р.Т. изделүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Skarlett-Skarlett
2019-01-10 16:00:31
Жалан эле атадан балага калган мурас кылып балдарын да майлуу орундарга отургузушат.Эч онолбойбуз Кыргыз элим.
+10
Lukman-Hakim
2019-01-10 16:11:30
Skarlett-Skarlett, Конгантиев башкаларга салыштырмалуу жакшы иштеген!
-9
zhanybekov030303
2019-01-10 19:08:25
коп баскан аяк бок басат деген соз бар кыргызда!! тундо кафеде бухайтетип журсо мен деле сабамакмын жараа жараа тееп!!
0
Farra16gsin
2019-01-11 07:49:38
Таң калыштууго Аламүдүн районунда Лебединовка айылында сабалса Аламүдүн риибине арыз жазып Бишкекте ооруканага жатып Ош шаарында даарыланып жатса укмушко ошондойда болобу анча болду Баткендин тергөөчүлөрү тергесинда Таластын прокурору кылмыш ишин козгоп Нарындыкы экспертизасын чыгарсын
0
Altai85
2019-01-11 08:44:08
Farra16gsin, учурда шектуу Кимсанов ошто даарыланып жатат деп атпайбы ал шектууну дагы олосо кылып урганда олумуш болуп жатып алганын .
+2
taalay25
2019-01-11 10:51:21
Farra16gsin,кайрадан бир окуп чыксаныз, баары эле тушунуктуу жазылган. Кылмышка шектуу дагы Ошко качып кетип ооруканада жатып алыптыр
+2
Farra16gsin
2019-01-11 14:38:56
taalay25,ошо түшүндүм бирок карапайым адамдын баласын антпейтко дейм кайсыл жерде болсо ошол жерде болот
0
taalay25
2019-01-12 12:50:06
Farra16gsin,ал дагы мурда таможныйда начальник болуп иштеген бир ергул экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан