Бүгүн, 19-июлда Ак үйдө өтүп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин Япониядан билимин өркүндөтүүсү боюнча долбоордун жыйынтыгын чыгарган жыйында президенттик аппараттан Японияга окууга бара жаткан стипендиант Савитахун Исаков өз пикирин айтты. "Биз Японияда эки жыл билим алып, ал жактын тажрыйбасын өлкөбүзгө алып келебиз жана Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошобуз",- деди. Өкмөттүк аппараттан Япониядагы Васеда университетинде окуп жүргөн Дастан Абдылдаев бул долбоорду колдоп жаткан өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге, өкмөткө жана Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.