Футбол тарыхындагы мыкты оюнчулардын бири Зинедин Зидан "Ювентуска" башкы машыктыруучу болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, "Ювентустун" азыркы башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри 2018-2019-жылкы сезонду жыйынтыктап, аталган кызматтан кетиши мүмкүн.
"Аллегри келишимге ылайык, "Ювентуста" 2020-жылга чейин иштеши керек. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда кетүүнү пландоодо. Анын ордун Зинедин Зидан ээлеши мүмкүн", - деп жазышат басылмалар.
Аллегри 2014-жылдан бери "Ювентуста" иштейт. Ал эми Зидан болсо "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу кызматынан 2018-жылы кеткен.