"Мектептерде сабактар кыскартылса, биринчи кыргыз тили кыскартылат. Бул туура эмес" дейт профессор Жеңишбек Чыманов

"Өлкөдө ушул күнгө чейин кыргыз тилин үйрөтүүнүн концепциясы жок",- деп билдирди бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында аталган топтун мамлекеттик тилди окутуунун усулун өркүндөтүү жана стандартташтыруу тайпасынын мүчөсү, профессор Жеңишбек Чыманов. Айтымында, орто мектептерде сабактарды кыскартуу болгондо биринчилерден болуп кыргыз тил сабагы кыскартылат. "Сабактардан кыргыз тилин кыскартууга жол бербейли. Методикалык колдонмолорду көбөйтүүнү, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин маянасын жогорулатууну, ММК менен мугалимдердин тыгыз иштешүүсүнө шарт түзүүнү сунуштайбыз",- деди ал. Мындан сырткары мамлекеттик тилди окутуу үчүн атайын борборлорду ачуу жана Манас таануу борборун ачуу сунушун айтты ал. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан