Дарбазачы Кутман Кадырбеков: "Мага бааны машыктыруучу жана күйөрмандарым коёт"

"Мен ойногонумду баалай албайм, мага бааны менин машыктыруучум жана күйөрмандарым коёт". Бул тууралуу Кыргыз-Корея беттешинен кийин Кыргыз улуттук курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков айтты.

- Оюн тууралуу айта кетсең, кандай болду?

- Оюнга бардык күчүбүздү жумшадык. Өзүңөр билгендей, Түштүк Корея Европанын командалары менен тең деңгээлде ойноп келет. Биз колубуздан келген ишти аткардык. Бир стандарттык абалдан гол кирип кетти. Бул футбол, оюн жана биз анда өзүбүздүн күчүбүздү көрсөтө алдык.

- Биринчи оюнуңду канчага баалайсың?

- Мен ойногонумду баалай албайм, мага бааны машыктыруучу жана күйөрмандар гана коёт. Машыктыруучум мага берген тапшырмаларды толугу менен аткардым деп ойлойм. Беттеш катасыз болгон жок, бул менин улуттук курам үчүн биринчи оюнум. Колумдан келген бардык аракетти кылдым.

- Оюнда топ 3 жолу дарбазанын таякчасына тийип калды. Бул боюнча пикириң кандай?

- Кыргыздарда айтып коёт эмеспи, "Кудай берди" деп. Бул беттеште ошондой болду деп ойлойм. Кудайдан балдар жаракатсыз, жакшы ойнойлу деп тиленгем. Ошол эле учурда өзүң дагы салымыңды кошушуң керек экенин унутпашың керек.

- Негизги курамда чыга турганыңды билгенде кандай сезимдер болду?

- Абдан кубандым. Мындай мүмкүнчүлүк дайым боло бербейт. Футболчулар оюнга чыга турганын алдын ала биле албайт. Ошондуктан ар дайым даяр болуп туруш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ulanbek2000
2019-01-12 05:16:18
Мыкты дарбазачы. Мындан ары негизги курамда ойнойсуз деп ишенем.
+10
monster_high_98
2019-01-12 09:36:28
Озу айтмакы чындыгында Кудай озу колдоду!! Болбосо дуйнолук денгээлдеги курама эмес,озулору тендуу командалардан ири эсепте женилип жүргөн ак шумкарлар!!
Ачыгы ишенбей жаттым эле,Матяшты эле чыгара бербейби ушунусунда ката кылбастыр деп...Адашыпмын,кыргыздан чыккан кыйындар деле бар экен))
Жаш болсон да татыктуу оюн коргоздун, куйорман катары эн мыкты деген баа берем!!
+4
interpol
2019-01-12 09:36:45
Дарбазачы жаш болсода эң соонун ойноду. Албетте каталарды да кетирип атты бирок мактоого татыктуу. Матяшка караганда жакшы, Кыргыз-кытай беттешиндн чыкканыңда 3 упай капчыкта болмок эле.
+7
Boha1
2019-01-12 09:52:26
Матяшка караганда эң сонун ойнодуң. Азаматсың
+7
Lintel
2019-01-12 09:58:19
Эмне болсо да Кыргызда. Оз мекенин суйгон патриот экенин коргозду.
+7
Modric10
2019-01-12 10:25:29
Кутман сенден эч капачылык жок.сен кучтуусун .сен болбосон шерменде болот элек
+4
elb_2121
2019-01-12 10:55:08
Жаш экенсин ийгилик мындан аркы оюндарына жашооно максатына жет менда сени колдойм 5 деген баа берем кийинки оюндарда мында да жакшы ойно
+5
Nurgazy80
2019-01-12 11:03:17
Кытай менен ойногондо эле чыкпаптыр ушул жигит жок дегенде тайпада 2-орунда болмок экенбиз
+6
bekmaral
2019-01-12 12:56:02
Эркек экенсин Кытай мн оюнда чыгышын кк эле.
+3
Modric10
2019-01-12 13:18:12
Кутман атын дуйного таанылсын.Куртуага караганда сен кучтуу экенсин.машыгууну токтотпо улуу клубдарга барышына тилектешмин.сен мыктысын
+2
Busurmankul
2019-01-12 20:46:32
Жакшы ойнодун азаматсын, бирок голдун себепкери болуп калдын да, дарбазадан алыс эле кетип жаткан топко колунду тийгиздин анан бурчтан чыгаруу болду - анан гол болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан