Тоңдо үй-бүлөлүк чырдан 4 айлык кыз чарчап калды. Күйөөсү аялын урам деп жатып ымыркайдын башына жыгач менен чаап алган

Тоң районунда аялын ур-токмокко алган жаран 4 айлык кызынын башына жыгач менен уруп алып, наристе чарчап калды. Бул маалыматты бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 28-декабрь күнү түнкү саат 03:00дөр чамасында Туура-Суу айылында болгон. Анда мас абалда келген 27 жаштагы Р.Э. аттуу жаран менен аялынын ортосунда уруш чыккан. Р.Э. аялын урам деп жатып жыгач менен аялдын колундагы наристенин башына катуу чаап алган.

"Уруш учурунда 26 жаштагы Х.М. аттуу келиндин колунда 4 айлык кызы болгон. Кылмышка шектүү жерден жыгачты алып аялын ур-токмокко алган. Жыгачты шилтеп жатканда ал бир жолу келиндин колундагы ымыркайдын башына тийген. Ага жинденген аял бычак алып келип күйөөсүнө шилтегенде анын моюнун жана оң колун тилип кеткен.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, үчөөнү аймактык ооруканага жеткиришкен. Наристе өзүнө келбей жатып эртеси күнү жандандыруу бөлүмүнөн чарчап калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 29-декабрь күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Кечээ кылмышка шектелген жаран психологиялык экспертизадан өттү", - деди Усубакунов.

Белгилүү болгондой, чарчап калган кыздан сырткары үй-бүлөнүн дагы бир баласы бар.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Abdullatif
2019-01-12 16:23:43
Аялдын тили, эркектин колу кыска болушу керек. Аялдар өздөрү тили менен ошого жеткирет. Эркектерге жан тарткан жокмун
-7
Avrora2017
2019-01-12 17:06:21
Abdullatif,и мында да аялга жуктой салгыла куноону,
, шыпылдап, деги качан адам болосунар алкаштар, тунку 3 то келип кыргын салып атса аял эмес айбанга деле тил бутот, аялдарга асылбагыла , аракты азыраак ичип кекиртегинерди тыйгыла куураган алкаштар, айласы кеткенде бычак алып шилтептирда бечара кыз, ушундайга жеткирген эркек сооройлор олуп эле калгылачы арак ичпей
+13
Abdullatif
2019-01-12 18:27:22
Avrora2017,мен эркектерди золотой деген жокмун, аялдарда деле күнөө бар.
-8
momun74
2019-01-12 19:04:02
Abdullatif,ичип келген эркекке суйлоштун кереги жок ансызда жон жайдан урганга урушка шылтоо табатда байкуш алсыз аялына кол которот
+1
Avrora2017
2019-01-13 00:41:41
momun74,ошончо кызын олтургончо дайнын таппай арак ичпей аттын бирдемесин ичип калышсын ХХХХ
0
Avrora2017
2019-01-13 00:39:22
Abdullatif,эмне куноо экен, аялдарда баласын багып оокатын кылып алкаш куйоосун кутуп отурганыбы, куйоосунон таяк менен сабалганыбы учунбу, бул жерде аялдан эмне куноо издеп олуп атасынар онбогурлар, аялдан куноо издегенден башка колунардан ХХХХ келбей калдыго акыркы кундору
+3
Abdullatif
2019-01-13 08:42:26
Avrora2017,тилиңерди кыскарткыла
-6
momun74
2019-01-13 09:54:57
Abdullatif,сенда ичет окшойсун ичкичке жаман болуштун
+5
jaskaaa
2019-01-13 10:22:55
Abdullatif,тилиниз узун экен сиздин
+2
Avrora2017
2019-01-13 20:02:22
Abdullatif,кекиртегинерди тыйгыла куураган алкаштар
-1
Gulnyr19
2019-01-12 18:46:30
Abdullatif,унчукпаса да бир шылтоо таап ургандар бар
+7
Abdullatif
2019-01-13 10:16:27
Gulnyr19,бир жолу да ичип көргөн эмесмин.
0
Holboeva92
2019-01-13 14:36:02
Abdullatif арак ичпей, ошол акчага айалына эч болбосо бир гул которуп келип эркелетсин, аял деле анан жакшы суйлойт. Аялда адамда, бассан бакадан да ун чыгат дегендей
+2
Nargiza1987k
2019-01-12 17:07:16
Биз жактада ичпей аялын коп урган Бир семья барда корко берем аларды коруп
0
Avrora2017
2019-01-12 17:23:21
Бечара наристеге окунучтуу абдан , колуна шал тийсин алкаштын андан башка эмне дейбиз, эми аялдар бычак шилтеп башташат экенда ушундай зоокур эрлерине кол которгон, мындай корунушко да бир чара коруш керек, уй булоолук зомбуулука, аялдарына кол которгон дебоширлерди камаш керек, болбосо даана кырылып олосунор кыргыздар аялдарынар менен салгылашып кармашып
0
Aiel
2019-01-12 17:28:00
Аракты жоготуу керек арак ичип алып ар кандай кылмыштар,уй булодо балардын осуп онугуусуно терс таасир этип жатат,арак саткандарга салгыла штрафты келечектеги муундун келечегин жок кылып жатат арак.
+4
asil-08
2019-01-12 17:35:57
Ээ Аллахым менин байкеме да нысап бере көр, апамдын балдарынын пешенесине ичпей адам болуп калса экен оомин.
+2
aimai
2019-01-12 18:40:20
Bul ortodo baikush baldar kuuradigo
+1
aimai
2019-01-12 18:41:59
2 jashtagi balani tuugani sabap olturup koiso ,4 jashtagi kizdi zoruktap baikesi menen olturso bir jirtkich baikush baldar emne kunoo bularda
+1
binur5
2019-01-12 20:00:30
арак ичкендерге да закон чыгарып койсонор болмок канча Адам ичпей коп Жаман иштер болбой калмак беле
+3
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 00:44:11
Арак арам арак сени ботолконун ичине отурганга жеткирет!!!Олуп кетип жатсанарда ошол арамды колго албай эле койгула!
+1
Nur777
2019-01-13 10:21:47
Байкуш наристенин жайы жаннаттан болсун..
+1
jaskaaa
2019-01-13 10:25:54
Балдарга зоомбулук корсотгондорго даарга асуу закону керек. Же бычыш керек. Аларды түрмөгө бакпай эле койүш керек.
0
Nur777
2019-01-13 11:54:55
Окуя Тондо болгону менен тиги бала Эльдияр 91жылкы Жети-Огуздун баласы,аялы Матлюбахан 92жылкы Баткендин кызы экен,экоо жалданып чабан болуп иштеп журушуп ошол каргашалуу куну кийинки кашардагы кошунасынын туулган кунуно барышыптыр,ал жактан спирт ичимдигин ичишиптир,причём аялы Матлюбахан да бир топ ичиптир жана тили узун неме куйоосуно абдан тилин агытыптыр,анан жанагындай окуя болуп кетиптир,аялы бычак менен катылса тиги отун менен чабам деп балага тийип кетиптир,окуя ошол коншусунун
+1
Abdullatif
2019-01-13 13:01:00
Nur777,сүйлөгүлө эми Аврора
+1
Nur777
2019-01-13 11:59:39
коншусунун уйундо болуптур,бирок,баланы саат 4ко жакын алып барышыптыр,албетте кеч болуп калат да,макул тиги эркек деген эркек,бирок тиги катын неге баласын которуп алып мушташат эркек менен,анысы аз келгенсип баласын сразу ооруканага алып барбайт,тажаалданып эркек менен салгылашпай тенелбей эле баласын ойлоп,коргоп тийгиздирбеш керек болчу,анын ордуна баласын которуп алып бычак менен салгылашып журот,менин оюмча экоо тен куноолуу!
Байкуш наристеге эле боорум ооруйт...
+2
tyrgon
2019-01-13 13:25:19
Эми жата бер турмодо кыйнал ошол жерде
0
Hacker99
2019-01-13 13:27:42
XXXXX бийлик тукургонго штрафты кобойтпой, аракка штрафты кобойтсо ушул чыныгы адилеттулук болмок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан