Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган чет өлкөлүк 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-январда "Ак-Жол" унаа өткөрүү пунктунда чек арачылар Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга бара жаткан Түркия Республикасынын 3 жаранын кармаган. Текшерүү учурунда алар Түркиянын атайын кызматтык паспортторун көрсөтүшкөн. Чек арачылар алардын паспортунда жасалмалуулуктар бар экенин байкашкан. Текшерүү иштеринде белгилүү болгондой, алар буга чейин Кыргыз жерине жасалма документтер менен киришкен.
Мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кармалган адамдар УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнө өткөрүп берилген.