Калыс пенальтини көрбөй калды. Мындай пикирин Кыргыз-Түштүк Корея беттешинен кийин улуттук курама команданын оюнчусу Турсунали Рустамов айтты:
- Биз бул беттеште жок дегенде 1 упай алабыз деп аракет кылганбыз. Биздин атаандашыбыз Азиянын мыкты командаларынын бири болду. Менин оюмча, биз татыктуу оюн көрсөттүк. 1:0гө жеңилип, биз бул жыйынтык менен канааттанган жокпуз. Беттеште 3 жолу гол киргизгенге мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бир учурда топ атаандашыбыздын колуна тийип калды, бирок калыс аны көрбөй калды. Бул футбол, анда бардыгы адашат. Бул беттеште VAR системи бар болсо, беттештин жыйынтыгы башкача болмок деп ойлойм. Акыркы 2 беттеште биз мындан дагы мыкты ойной аларыбызды көрсөтө алдык. Буюрса, Филиппин менен беттеште жакшы оюн көрсөтүп, кийинки этапка өтө алабыз.
- Беттештин алдында дарбазаны жаш оюнчу коргой турганын билгенде кандай ойлор келди?
- Негизи бир да футболчу муну терс кабыл алган жок. Тескерисинче, бардыгы Кутманды колдоп, ага жардам көрсөтүп жатышты. Бул жакта ар бир оюнчу баалуу, ал дарбазачы, талаанын баарын көрүп турат. Ошондуктан ал мага өзүнүн сунуштарын айтып турат.
- Беттештен кийин Александр Крестинин эмне деп айтты? Ал колдодубу же тилдедиби?
- Эми биз жеңилип калдык, бизди бул учурда мактамак беле... Бирок ал бизди урушкан жок. Мындай атаандаш менен ойноп, 0:1 эсебинде жеңилип калуу - бул деле жакшы жыйынтык. Муну күйөрмандарыбыз түшүнүшү керек. Биз деле өзүбүздү көрсөтүп, чабуулга чабуул менен жооп берип жаттык. Биз бул жыйынтык менен канааттанган жокпуз.