Испания чемпиондугунун 19-турунда "Барселона" жана "Эйбар" клубдары беттешип, оюн 3:0 эсебинде каталондук клубдун пайдасына чечилди. Голдордун биринин автору чабуулчу Лионель Месси болду.
Испан Ла Лигасынын расмий баракчасынын маалыматына ылайык, муну менен Месси чемпиондуктагы 400-голун киргизип, бул чекке жеткен алгачкы футболчу аталды. Чабуулчу 400 голдук чекке жетиш үчүн чемпиондуктун алкагында 435 оюн өткөргөн.
Голдордун саны боюнча чемпиондукта 2-орунду португалиялык Криштиану Роналду турат. Ал 292 оюнда 311 гол жаратууга жетишкен. Ал эми үчүнчү орунда 277 оюнда 251 гол киргизген Тельмо Сарра жайгашкан.
Месси бул сезондо 17 оюнда 17 гол жаратып, 10 голдук пас чыгарып берүүгө жетишкен.