Ырчы Асел Кадырбекова курсагындагы баласын УЗИден тартып жаткан учурун видеого тартып, социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады. Анда баланын жүрөгүнүн согушу жана кыймылы даана байкалган. Ырчы видеонун алдына "Биз сени аябай күтүп жатканыбызды билдиң бекен?" деп жазып, #вожиданиичуда хэштегин калтырган. Ошондой эле ырчы "Уулдуу же кыздуу болсоңор кандай ысым ыйгарат элеңер?" деп суроо салган.
Асел Кадырбекованын күйөрмандары, ал тургай, шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы "Аман-эсен көз жарып ал!" деген билдирүүлөрүн калтырып, кыздардын жана балдардын ысымдарын сунуштаган. Ал эми социалдык баракчанын айрым катталуучулары ырчынын бул кылганын туура эмес деп баалап "Төрөлө элек наристени көрсөтпөш керек. Көз тиет, сөз тиет" деген пикирлерин калтырган.
SUPER.KG порталы ырчы менен байланышка чыкканда ал социалдык тармактагы билдирүүсү тууралуу маалымат бергенге даяр эместигин айтты.