Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

11-12-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 10 салмак категориядагы чемпиондук наам үчүн 179 балбан күрөшкөн.

"Мелдешке катышкан балбандардын жалпы саны 179 спортчуну түздү. Катышуучулар 10 салмак категорияда күрөшүп, 1-2-3-орунду ээлеген балбандар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги дипломдору жана медалдары менен сыйланышты. Грек-рим күрөшү боюнча чемпиондукка 81 миң сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Байгелүү орундарга ээ болгон балбандардын тизмеси:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Хасан Сулайманов - 1-орун;
Сардар Конушбаев - 2-орун;
Балбай Дордоков - 3-орун;
Могуев Рамазан - 3-орун.

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Жоламан Шаршенбеков - 1-орун;
РустамТеишов - 2-орун;
Байэл Сатыев - 3-орун;
Нурбол Абдыбеков - 3-орун.

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Урматбек Аматов - 1-орун;
Марлен Асикеев - 2-орун;
Нурсултан Махмудов - 3-орун;
Тынар Шаршенбеков - 3-орун.

67 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нургазы Асангулов - 1-орун;
Амантур Исмаилов - 2-орун;
Нурмолдо Анарбеков - 3-орун;
Нурбек Абдуганиев - 3-орун.

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

Руслан Царев - 1-орун;
Назарбек Анарбек уулу - 2-орун;
Кумарбек Жусубалиев - 3-орун;
Байаман Максатбек уулу - 3-орун.

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Акжол Махмудов - 1-орун;
Ильяз уулу Ренат - 2-орун;
Даулет Айдарбеков - 3-орун;
Кайрат Түгөлбаев - 3-орун.

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кыдырша Бейшалиев - 1-орун;
Илгиз Билимов - 2-орун;
Чынтемир Жандыралы уулу - 3-орун;
Мелис Айтбеков - 3-орун.

87 килограммга чейинки салмак ченинде:

Атабек Азизбеков - 1-орун;
Калидин Асыкеев - 2-орун;
Аскат Бейшебеков - 3-орун;
Азат Салидинов - 3-орун.

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

Үзүр Жусупбеков - 1-орун;
Бексултан Махмудов - 2-орун;
Мухамед-Али Умурзаков - 3-орун;
Габит Айдарбеков - 3-орун.

130 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мурат Романов - 1-орун;
Роман Ким - 2-орун;
Аманбек Токтогонов - 3-орун;
Миляс Марков - 3-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан