Белгилүү америкалык ырчы Рианна жеке бизнесин өз атасынан коргоо максатында сотко кайрылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 30 жаштагы ырчы "Fenty Beauty" косметикалык каражаттар маркасын жана "Savage x Fenty" ич кийимдерин чыгарып жүрөт. Ал атасы Рональд Фентинин "Fenty" брендин коммерциялык максатта колдонуусуна тыюу салышын суранып сотко кайрылган.
Айрым маалыматтарга караганда, Рональд Фенти кызынын "Fenty" товардык белгисин сатып алууга аракет кылган. Бирок Рианна атасына бир нече ирет бул марканы колдонуусун токтотууну талап кылган каттарды жөнөткөн. Рональд Фенти кызынын сөзүн четке кагып, "Fenty" брендин колдонуп каражат табууда. Тактап айтканда, ал "Fenty Entertainment" аттуу таланттуу адамдарды издеген компания түзгөн.