24 жаштагы канадалык ырчы Жастин Бибер жана анын сүйүктүүсү Хэйли Болдуиндин үлпөт тою февраль айында болору маалым болду. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Жастин Бибер менен Хэйли Болдуиндин үлпөт тою 28-февралда болорун алардын жакындары тастыкташкан. Бирок той кайсы жерде өтөрү жана чакырылган коноктор тууралуу маалымат беришкен эмес. Ошондой эле түгөйлөрдүн жакындары учурда үлпөт тойго болгон бардык даярдыктар акырына чыгып калганын айтышып, үлпөт тойдо музыкага ди-джей Тэй Жеймс жооптуу экендигин билдиришкен.
Эске салсак, узаган жылдын июль айында Жастин Бибер модель Хэйли Болдуиндин колун сураган. Ал эми 13-сентябрда чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн мыйзамдуу түрдө никеге турганын жазып чыгышкан. Бир нече күндөн кийин америкалык актёр Алек Болдуин бир тууган инисинин кызы Хэйли Болдуин ырчы Жастин Биберге турмушка чыкканын тастыктаган.