"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу ким болору аныкталды

Белгилүү америкалык ырчы Алиша Киз быйылкы "Грэмми" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземинде расмий алып баруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, 37 жаштагы Киз жеке баракчасындагы түз эфир учурунда катталуучуларына абдан толкунданып жаткандыгын билдирген.

Эске салсак, Алиша Киз 15 ирет "Грэмми" сыйлыгын алган. Аталган аземдин уюштуруучулары ырчынын музыка дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн аны алып баруучу кылып дайындашкан деп айтылууда. Себеби буга чейин аземди мырзалар гана алып барышчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан