Ош облусунун Кара-Суу районундагы 3 адамдын өлүмүнө алып келген автокырсык боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин билдиришинче, 18-июль күнү саат 02:30 чамасында Кашкар-Кыштак айылында Мерседес унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четинде турган башка унааны сүзгөн. Кырсыкта Мерседестин ичиндеги 3 адам окуя болгон жерден каза таап, айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кырсыктын себебин толук тактоо үчүн автотехникалык жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, айдоочу мас абалында болгон.